Конститутция КР
Электронная почта
Эл аралык Эне тил күнүнө арналган доклад

2023-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунда КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун башкы илимий кызматкери, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.и.к. Аттокур Асаналиевич Джапановдун Эл аралык Эне тил күнүнө арналган доклады угулду.

Белгилей кетсек Эл аралык Эне тил күнү (англ. International Mother Language Day, фр. lla Journée internationale de la langue maternelle) – ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, эки жумада бирден тил жоголот.


128
Ученых
24
Открытий
19
Патентов