Конститутция КР
Электронная почта
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу ишмердигинин абалы, тенденциялары жана мүмкүн болуучу тобокелдиктери» темасындагы илимий-практикалык конференция

2023-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу ишмердигинин абалы, тенденциялары жана мүмкүн болуучу тобокелдиктери» темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

             Аталган илимий-практикалык конференцияны КР УИАнын Мамлекет жана укук институту менен «Адилет» укуктук клиникасы биргеликте уюштурган.

            Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Абдрахматов Канатбек Ермекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Базарбеков Замирбек Курамаевич, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Өскөнбаев Эмил Жолдошевич, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ю.и.д. Баетов Аяз Батыркулович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Мусаканова Нурипа Аалиевна жана «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фондунун директору Жакупова Чолпон Идиновна куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

            Баяндамачылардын сөзүнөн кийин илимий-практикалык конференциясынын катышуучулары, илимпоздор тема боюнча суроолорду жана сунуштарды беришти.

           Талкууга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Арабаев Ч.И., катышты.


128
Ученых
24
Открытий
19
Патентов