Конститутция КР
Электронная почта
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги семинар

2024-жылдын 14 февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде  «ТУРКПАга мүчө мамлекеттерде илимий-техникалык өнүгүүлөрдөгү жана мыйзамдык колдоодогу парламенттердин ролу» аттуу семинары болуп өттү.

Аталган семинарга Турк Парламенттер ассамблеясынын мүчө мамлекеттеринин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ошондой эле КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун мамлекеттик, муниципалдык башкарууну изилдоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдердин доктору, профессор Т.Т. Шаболотов жана бөлүмдүн илимий кызматкери О.Т. Мурзагатов катышышты.

Семинарда докладтар жасалып, талкуулар болуп, жыйынтыгында тиешелуу корутунду кабыл алынды.


128
Ученых
24
Открытий
19
Патентов